Баштапкы документтерди иштеп чыгуу, алардын ченемдик талаптарга шайкештигин жана туура толтурулушун текшерүү, андан ары жетекчиликке кол койдурууга берүү жана кол коюлган нускаларын контрагентке кайтаруу;
Баштапкы документтердеги маалыматтарды бухгалтердик эсеп программасына киргизүү, киргизүүнүн тууралыгын жана эсепке алуу жазууларынын тууралыгын жүгүртүү-сальдолук ведомостторду түзүү аркылуу текшерүү;
Кассалык операцияларды ыкчам жүргүзүү, эсептешүү эсептериндеги акча каражаттарынын кыймылын көзөмөлдөө, банктык көчүрмөлөрдү киргизүү, төлөм тапшырмаларын толтуруу, жеткирүүчүлөргө өз убагында төлөөнү жана сатып алуучулардан төлөмдөрдү алууну контролдоо;
Контрагенттер үчүн баштапкы документтерди түзүү, анын ичинде эсеп-фактураларды, эсеп-келишимдерди, материалдык баалуулуктарды алууга ишеним каттарды жана башка финансылык документтерди берүү;
Сатып алуулар китебин жана сатуулар китебин жүргүзүү, сатуу жана сатып алуу фактыларынын бухгалтердик эсептеги жазууларга дал келишин контролдоо;
Камералдык текшерүүлөрдүн алкагында салык органдарынын талаптарын өз убагында аткаруу үчүн документтерди даярдоо;
Инвентаризацияларга катышуу жана материалдык баалуулуктардын келип түшүшүн, кыймылын жана эсептен чыгарылышын контролдоо;
Ар бир отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча салыштыруу актыларын түзүү жана контрагенттер менен салыштыруу жүргүзүү;
Уюмдагы башка бөлүмдөр менен өз ара аракеттенүү жана маалыматтар жана документтер менен алмашуу;
Өтүнмөлөрдү иштеп чыгуу;
Банк төлөмдөрү менен иштөө;
ЭТТН жана ЭСФ менен иштөө;
Сатып алуучулар менен салыштыруу актысы;
Складды эсепке алуу;
Дебитордук карызды эсепке алуу.
Талаптар
FMSGдеги дистрибьютордук компанияларда иш тажрыйбасы;