Биздин завод Шопоков шаарында, Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарынан болгону 24 км алыстыкта жайгашкан. 2300 чарчы метр аянтты ээлейт. Заводдо жогорку сапаттагы продукцияны чыгаруу учун бардык зарыл нерселер бар
Завод заманбап европалык технологиялык линиялар менен жабдылган жана жылына 40 000 тонна түз сыгылган ширелерди, калыбына келтирилген ширелерди, нектарларды жана ар кандай форматтагы жана таңгактын түрлөрүндөгү суусундуктарды чыгарууга жөндөмдүү.
Шире өндүрүү заманбап жабдууларды колдонуу менен, ар бир этапта санитардыкгигиеналык ченемдерди так сактоо менен жүргүзүлөт. Бул биздин продукциянын эл аралык стандарттарга ылайык жогорку сапатына кепилдик берет.
Лабораториянын адистери өндүрүштүн ар бир этабында – чийки заттан баштап даяр продукцияга чейин кылдат текшерүүлөрдү жүргүзүшөт. Бул өнүмдүн ар бир партиясы биздин компаниянын жогорку талаптарына жана сиздин күтүүлөрүңүзгө жооп берерин камсыздайт.
Шире атайын таңгактар менен таңгакталат, бул ширенин бардык пайдалуу касиеттерин көпкө сактоого мүмкүндүк берет.
Түз сыгуу ыкмасы ар бир мөмөнүн пайдалуу касиеттеринин максималдуу санын сактайт. Түздөн-түз сыгылган ширелер пастеризация процессинен өтүп, ширеден зыяндуу организмдерди жок кылат.