RU KG EN

ӨНДҮҮРҮ

«Экопродукт Азия» («Organic» СМ) ЖЧК ишканасы – бул мөмө-жемиш жана жашылча өсүмдүк өнүмдөрүн кайра иштетип чыгуу тармагындагы динамикалуу өнүгүп келе жаткан компания. Биздин ишкана түздөн-түз сыгып алуу ыкмасы менен ишетитлип чыгарылган 100% табигый ширелерди өндүрөт. Биздин ишкана Кыргыз Республикасынын борбор шаары Бишкектен 24 км аралыкта жайгашкан экологиялык жактан таза Шопоков шаарында (Чүй аймагы , Сокулук районунда ) жайгашкан.

Биздин өнүмдөрүбүз Австрия мамлекетинин бүткүл дүйнө жүзүнө таанымал Voran Maschinen GmbH ири ишканасынын жаңы жабдууларында өндүрүлөт, бул компаниянын жабдуулары эң жогорку ISO 22000, FSSC 22000 эл аралык сапаттамаларга дал келет. Ширелерди түздөн-түз сыгып алуу ыкмасы менен өндүрүүдө КМС жана ГОСТ талаптарына ылайык бардык технологиялык жана санитардык ченемдер сакталат. Органикалык мөмө-жемиш жана жашылча өсүмдүк өнүмдөрүн биз Ысык-Көл жана Чүй аймактарындагы , ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарындагы жергиликтүү мөмө-жемиш, жашылча бакчаларынан жана аларды өсү өстүргөн бакчыларынан сатып алабыз. Биздин мындай ишмердигибиз айыл чарбачылыкка жана жалпы өлкөдөгү экономикалык деңгээлди көтөрүүгө оң таасир эткен салымбыз деп ишенебиз.

Биз чыгарылып жаткан шире өнүмдөрүнүн сапатына ар дайым кылдаттык жана жоопкерчиликтүү көзөмөл жүргүзөбүз. Алма ширеси жана алма ширесинин негизиндеги башка аралашма ширелер өзүндө А, В, С топторундагы витаминдерди, темирди, магнийди, фосфорду жана фолий кычкылдыгын камтыгандыгы менен адамдын ден-соолугуна пайдасын тийгизет. Шире метаболизм бузулганда, атеросклероздо, ашыкча тамак жеп алуудан, кандагы холестериндин денгээлин түшүрүүдө, жүрөк-кан тамыр системасынын жакшы иштешине жардам берүүдө, сары зилди айдоо, антиоксиданттык сапаттары менен өз пайдасын берет.

Жакынкы беш жылдын ичинде биздин ишкана НАССР эл аралык сапатташтырусунан ийгиликтүү өтүп шайкештикти алуу алдына максат койууда. Компаниянын узак мөөнөттүү пландарында ISO 9001, 22000 сапаттамаларынын шайкештигин алуу. Бул максат компаниянын өнүгүүгө жана эл аралык деңгээлдеги сапат стандарттарына шайкеш келүүгө карата ниеттенип жаткандыгын далилдеп турат.

Биз өз ишибизди абдан сүйөбүз жана Сизди биздин өнүмдөрүбүздүн даамын жана сапатын баалайт деп ишенебиз!