RU KG EN

КООМДУК ИШМЕРДИК ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

СӨП — МЕДАЛЫ ЖАНА СЕРТИФИКАТТАРЫ

Биздин компания 2013-жылдын баш оона (август) айынан бери Кыргыз Республикасынын Соода-Өнөр жай палатасынын мүчөсү болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын СӨП жана КыргызЭкспоБорбору Департаменти «АгроПродЭкспо-2013» тамак-аш өнүмдөрүнүн жана айыл чарба өндүрүштөрүнүн тогузунчу эл аралык көргөзмөсүн өткөргөн, биз ал көргөзмөдө «Organic» соода маркасынын түз сыгылып алынган ширесин жарнактап чыктык. Көргөзмөдө биз Алтын Медаль менен сыйланып аны менен бирге биздин ишкана «Жылдын Дебюту» сыйлыгына татыктуу болду.


ДЕМӨӨРЧҮЛҮК – КШУ ЖАНА ФУТБОЛ

Биз өз коомубуздун өнүгүшүнө салымыбызды кошуудабыз, анын ичинде биздин компания демөөрчү катары спорттук иш-чараларга ар дайым катышат. Азыркы маалда биз Дизель интернет-форумун колдонуучу фанаттарынын арасында өткөрүлүп жаткан футболдук турнирдин демөөрчүлөрү болуп эсептелебиз. Биз Кыргызстандын жаштары өнүгүп, жаңы жеңиштерге умтулушун каалайбыз. Ошондуктан, биз турнирдин жеңүүчүлөрүн «Organic» соода маркасынын түз сыгылып алынган ширелери менен сыйлап турабыз. Жеңүүчүлөр жеңишинин кубанычын өзүнүн тобундагы достору, үй-бүлөсү жана жакын адамдары менен бөлүшө ала тургандыгына биз чоң кубанычтабыз.

Спорттук иш-чаралардын демөөрчүсү болуудан тышкары, биздин ишкана ошондой эле Кыргыз Республикасынын бизнес коомчулугунун өз ара мамилелерин өнүктүрүүгсүнө дагы катышууда. Мисал катары өткөн жылдын сентябрь айында КШУнун ( Шанхай Кызматташуу Уюму) катышуучу мамлекеттеринин Бизнес-Форумун өткөрүүгө жардам бергендигин келтирүүгө болот.

Биздин компаниянын пландарында коомубузга колдоо көрсөтүп туруу максатында спорттук жана башка социалдык-маданий иш-чараларга демөөрчү болуп катышып туруу максаты бар.