Биз Кыргыз Республикасында ширелерди өндүрүүдө лидер болгондугубузга сыймыктанабыз.

Биздин "Organic" соода маркасынын түз сыгылган ширебиз Японияны, Бельгияны жана Монголияны кошуу менен 10дон ашык өлкөдө бааланды.

Биздин компания сатып алуучуларыбыздын каалоолорун көзөмөлдөйт жана аларды жаңы даамдар менен кубантууга аракеттенүүдө! Биз жогорку дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келүүгө аракеттенүү менен ширелерди өндүрүүгө көптөгөн каражаттарды инвестициялайбыз.

Бизде НАССР азыктардын коопсуздугунун менеджентинин тутуму киргизилген жана азыркы учурда ISO 22000:2018 боюнча тастыкташтырууга даярдыктар жүрүп жатат.

БИЗ СИЗДЕРГЕ ГАНА ӨНДҮРҮҮДӨБҮЗ НАКТА ЖАНА ПАЙДАЛУУ ШИРЕЛЕР!

Түз сыгылган ширелер жана 100% ширелер деген эмне?

Таңгактагы «100 % шире» жазуусу – бул өнүм эч кандай кошулмаларсыз, накта мөмөлөрдү, жемиштерди жана жашылчаларды камтыган өнүм экендигин кепилдейт. Бул ширенин жаңы технологияларды пайдалануу менен накта табигый мөмөлөрдөн жасалгандыгын, консерванттарды камтыбагандыгын жана өзүнүн пайдалуу касиеттерин жоготпостон, узак убакытка сактала тургандыгын кепилдейт.

Шире – витаминдер булагы!

Накта жемиштүү, мөмөлүү жана жашылчалуу ширелерде көптөгөн организмге керектүү заттар: А, C, В, В1, В2, В6 витаминдери, фолий кычкылдыгы, биотин («сулуулктун витамини» деп да аталат),Р жана Е витаминдери, калий, кальций, магний, селен, темир, фосфор, антидиоксанттар жана бета каротин камтылган.

Организмди чыңдоо жана пайдалануу заттардын запасы менен толуктоо үчүн адистер күн сайын 1 стакан ширени ичүүнү кеңештейт.  Ширеде накта жемиш кум шекери гана камтылат.

Эч кандай сырлар жок! Дүкөндөн сатып алынган  жүз пайыз накта ширеге таттуулукту фруктоза жана глюкоза накта кум шекерлери берет. Даярдоо процессинде кум шекер кошулбайт – ширенин таттуулугу жемиштин бышкандыгына жараша гана болот.

Эмне үчүн шире узак убакытка чейин бузулбайт?

Bag in box картон таңгактары уникалдуу технология менен толтурулгандыктан, бузулбастан, узак убакытка сакталат.

Толтуруу алдында шире таңгактын ичин буза турган бактерияларды жок кылуу үчүн 85 °C температурага чейин ысытылат. Процесс үйдө кышкыга азыктарды консервациялоого окшош. Андан кийин стерилизацияланган чөйрөдө шире Bag in box таңгактарына толтурулат.

Бул ичине абанын киришине жол бербеген өзгөчө асептикалык таңгак жана ширенин кычкылдануусунан жана бузулушунан сактоого жардам берет. Ошондуктан өнүм узак убакытка чейин бузулбайт жана ага консерванттар кошулбайт.