«ЭКОПРОДУКТ АЗИЯ» ЖЧКсынын БАШКЫ ДИРЕКТОРУ FORBES ASIA ВЕРСИЯСЫ БОЮНЧА 30 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ ЖАШ ИШКЕРЛЕРДИН ТИЗМЕСИНДЕ

02.04.2019
Бөлүшүү

Достор, бүгүн бизде укмуштуудай жаңылык бар!

«Экопродукт Азия» ЖЧКсынын башкы директору Дастан Омуралиев Forbes Asia версиясы боюнча 30 жашка чейинки жаш ишкерлердин тизмесине кирди. Талапкерлердин тизмесинде Азия-Тынч океан регионунун 23 өлкөсүнөн 2000 адам болгон жана ар бир категориядан 30 адам гана акыркы тизмеге киришти.

Биринчи жолу бул ардактуу тизмеге биздин атактуу Кыргызстандан өкүл кошулду. Басылмада “Биздин команда Forbes Asia төрт жыл катары менен Азия-Тынч океан регионунда Forbes Asia 30 өлкөдөн 30 жашка чейинки жаш ишкерлердин жыл сайынкы тизмесине кошула турган 300 көрүнүктүү инсанды издөөдө” – деп айтылат. Дастан Омуралиевдин айтуусу боюнча бул таануу анын гана эмгеги эмес, бүтүндөй Экопродукт Азия компаниясынын, пикирлештер командасынын жана “Organic” накта ширелеринин сүйүктүү керектөөчүлөрүнүн да эмгеги!

Биз даамдуу накта өнүм жана татыктуу эл аркылуу ишмердигибизди андан ары өнүктүрөбүз жана өлкөбүздү атагын чыгарабыз!

Булак: https://www.forbes.com/profile/dastan-omuraliev/# 26978dcd7d0f