БИЗ САПАТТЫ КЕПИЛДИК БЕРЕБИЗ

26.03.2019
Бөлүшүү

Урматтуу достор!

Сиздер менен кичине анонс менен бөлүшкүбүз келип турат. «Экопродукт Азия» ЖЧКсы 2013-жылы өз ишмердигин баштаган жана Борбордук Азиянын рыногуна «Organic» маркасы алдында түз сыгылган брендделген ширени биринчилерден болуп алып чыккан. «Organic» - бул биздин жарык өлкөдө жергиликтүү фермерлер тарабынан камкордук менен өстүрүлгөн, жаңы бышкан, ширелүү жемиштерден, жашылчалардан түз сыгуу ыкмасы менен жасалган 100% накта ширелер! Биз сиздерге жаңы ар кандай даамдарды сунуштоо менен өсүүдөбүз жана динамикалуу өнүгүүдөбүз.

Бүгүнкү күндө «Organic» түз сыгылган ширелеринин ассортиментинде түз сыгылган накта ширелердин 7 түрү: алма, алма-алмурут, алма-өрүк, алма-кара өрүк, мультижемиш (алма, алмурут, алча), алма-сабиз жана алма-кызылча, ошондой эле калыбына келтирилген 100% накта томат ширеси бар.

Ошондой эле бул жылы биздин ассортимент дагы бир «ТОЙ даамы» бренди менен толукталды! «ТОЙ даамы» - бул жеткиликтүү баадагы накта жана даамдуу шире камтыган, майрамдык столдун тамак-аштары менен эң сонун айкалышкан суусундук!

Биздин керектөөчүлөргө ыракат тартуулаган жана пайда алып келген, ар түрдүү сапаттуу ширелер жана суусундуктар менен биздин ассортиментти андан ары өнүктүрүү пландарыбызда бар, анткени бул «Экопродукт Азия» миссиясынын бир бөлүгү. Ал эми биздин керектөөчүлөр биздин өндүрүштүн жогорку сапатына ишенүү менен биздин өнүмдүн асстортиментинин өндүрүүчүсү биз экендигин билүүсү үчүн «Экопродукт Азия» ЖЧКсынын фирмалык логотибин сиздерге көрсөтөбүз. Биз сапатты кепилдейбиз!