БИЗ СЫЙМЫКТАНУУ МЕНЕН СИЗДЕР ҮЧҮН НАКТА ШИРЕЛЕРДИ ӨНДҮРӨБҮЗ!

6 жылдан бери "Organic" элди абдан дамдуу жана пайдалуу 100% накта ширелери меен кубандырууда! "Organic" соода маркасынын ширелеринин пайда болушу менен Кыргызстанда түз сыгылган ширелерди өндүрүүдө өзгөрүүлөр болду жана аларды керектөөнүн жаңы салттары пайда болду.

Ошентип, биздин ширелер Кыргызстандын жана анын чектериндеги жашоочулардын жашоосунун бир бөлүгү болуп калды.

Биз - динамикалуу өнүгүп жаткан компания болуп саналабыз, жемиштерди, мөмөлөрдү жана жашылчаларды кайра иштетүү менен алектенебиз. Жергиликтүү чийки заттан түз сыгылуучу накта ширелерди, ошондой эле накта нектарларды жана суусундуктарды өндүрүп чыгарабыз. 

Биздин компаниянын миссиясы – коомго оң таасир тийгизүүчү, ийгиликтүү жана өсүп жаткан компания болуу менен кемтиксиз сапаттагы өнүмдү өндүрүү, мыкты тейлемени камсыздоо.

Ден соолук жана социалдык жоопкерчилик.

Биз керектөөчүлөрүбүзгө, кызматкерлерибизге жана коомго кам көрөбүз, биздин коомдун өнүгүшүнө өзүбүздүн салымыбызды кошобуз.

Ошону менен бирге биздин компания спорттук иш-чараларга демөөрчү катары жигердүү катышып турат. Азыркы учурда биз Дизель интернет форумунун фанат-пайдалануучуларынын арасындагы футболдук турнирдин демөөрчүлөрү болуп саналабыз.

Биз Кыргызстандын жаштарынын өнүгүүсүн жана жеңиштерге умтулуусун каалайбыз. Спорттук жана башка иш-чаралардын демөөрчүлүгүнөн сырткары биздин компания ошондой эле Кыргыз Республикасынын бизнес коомдоштуктарынын өз ара мамилелеринин өнүгүшүнө тартылган.

Мисал катары, биздин компания 2013-жылдын сентябрь айында демөөрчү катары ШКУнун (Шанхай кызматташтык уюму) катышуучу өлкөлөрүнүн Бизнес-Форумун өткөрүүгө жардам берген.

Биз үчүн маанилүү ишмердик болуп кайрымдуулук жана социалдык долбоорлор да эсептелет.

Жаш муун өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги фактору экендигине биз ишенебиз.

Ошондуктан, биздин компания Ак-Суу балдар үйүнүн балдарын биринчи зарыл буюмдар, анын ичинде кийимдер, бут кийимдер, кеңсе буюмдары жана тамак-аштар менен камсыздоодо өз салымын кошту.

Көптөгөн сандагы өнүктүрүүчү оюндар жана оюнчуктар балдар үйүнүн тарбиялануучуларын кубанычка бөлөдү.

Ак-Суу балдар үйүнүн директору билдиргендей, биз жыл бою интернет менен камсыз кылгандыктан, балдар үйүнүн 6 бүтүрүүчүсү өз алдынча ЖОЖ издеп, Татарстандын Казань шаарына тапшыра алышты.  

Биздин жыл сайынкы чыгууларыбыз абдан ийгиликтүү жана балдарга, биздин коллективге көптөгөн кубаныч алып келет.

Инновациялар өнүмдүк сызыгында, технологияларда, мамилелерде жана бизнес процесстерде.  Биз сатып алуучуларыбыздын каалоолорун көзөмөлдөйбүз жана аларды жаңы даамдар менен кубантууга аркеттенебиз!

Биздин ишкана жогорку дүйнөлүк стандарттарга ылайык келүү менен көптөгөн каражаттарын ширелерди өндүрүүгө инвестициялайт.

Кемтиксиз тейлеме жана сапат. Биз өнүмдүн жогорку сапатын, өз убагында жеткирүүнү кепилдейбиз. Биз үчүн кардарлардын күтүүлөрүн ашуу өтө маанилүү, ал эми ишенимдүүлүк жана жоопкерчилик катары сапаттар биз менен кызматташуунун узак мөөнөттүү жана пайдалуу кепили болуп саналат.

Командадагы кесипкөйлүк. Биздин компанияда мыкты адистер иштейт.

Өз ишинин кесипкөйлөрү. Компания жамааттын өнүгүшүнө, алардын андан ары өсүүсү жана өнүгүүсү үчүн инвестициялайт.

Биз кызматкерлерибиздин өз эмгегинин жыйынтыктарынан канааттануу алышына кызыкдарбыз.