RU KG EN

КӨП БЕРИЛЕ ТУРГАН СУРООЛОР

1. Ширенин курамы кандай?

Ар бир ширенин курамына мөмөнүн же жашылчанын өзү гана кирет. Мисалы түз сыгылып алынган алма ширеси алмалардан башка кумшекер, консерванттарды, жыт бергичтерди, суу, ГМОлорду жана башка нерселерди кошпостон жасалат.


2. Сырты ачылганган чейинки жарактуулук мөөнөтү кандай?

Ачылганга чейинки жарактуулук мөөнөтү 12 ай . Ачылгандан кийинки жарактуу мөөнөтү 3 ай.


3. Эмнеге жарактуулук мөөнөтү узак?

Анткени шире пастеризациялоо процессинен өткөрүлөт, бул аны узагыраак сактоого мүмкүндүк берет.


4. Тетра пактагы шире сиздердин түз сыгып алынган ширеден эмнеси менен айырмаланат?

Тетра пактагы шире – бул көп учурда нектар, же болбосо шире концентраты камтып турган суусундук. Ширелердин бул түрлөрү концентрацияланган ширени, ичиле турган сууну жана кумшекерди аралаштыруу жолу менен даярдалышат. Бул ингредиенттерден тышкары ширеде лимон кычкылдыгы, аскорбин кычкылы , консерванттар, жыт бергичтер жана таттуу даам бергичтер дагы камтылышы мүмкүн.


5. Кутучаны муздаткычка салып койгонго болобу?

Албетте болот! Ширени муздатып алып, түз эле муздаткычтан куйса дагы болот. Колдон келишинче анын температурасы Цельсий боюнча 5 градустан төмөн болбогону оң.

Биздин шире, түз сыгылып алынган шире – бул жаңы үзүлгөн мөмө-жемиштерден жана/же жашылчалардан өндүрүлгөн шире, ал пастеризациялоо процессинен өткөрүлөт. Пастеризациялоо тамак-аш продуктыларынын сактоо мөөнөтүн узартуу үчүн колдонулат. Иштетүүнүн мындай түрүндө микроорганизмдердин вегетативдүү формалары өлөт, ошол эле кезде продукттардын азыктык баалуулугу өзгөрбөйт, анткени даам сапаттары жана витаминдер менен минералдар сыяктуу баалуу компоненттери сакталат.