О компании

«Экопродукт Азия» ЖЧК - Кыргыз Республикасында накта ширелердин, нектарлардын жана шире камтылган суусусундуктардын ири өндүрүүчүлөрүнүн бири. Биз Кыргыз Республикасында түз сыгылган ширелердин №1 өндүрүүчүсүбүз.

БИЗ САПАТТЫ КЕПИЛДЕЙБИЗ!

БРЕНДДИ ТҮЗҮҮ ТАРЫХЫ

Түз сыгылган ширелерди өндүрүүнүн идеясы 2013-жылдын январында келип чыккан.

6 жыл мурун башкы директор аялы менен конокко чакырылган, кожоюндардыкынан ал шире менен үч литрлүү кутуча көргөн. “Биз бул ширени Германиядан алып келдик, ооз тийип көр. Бул кошумчаларсыз, накта шире”.

Даамы боюнча шире алма фрешин эске салган. Компаниянын негиздөөчүсү катуу ойлонгон: ушундай ширени бизде деле чыгарса болбойбу? Кыргызстанда алмалар өсөт, эмне тоскоолдук берүүдө? Ошентип, долбоорду ишке ашыруу боюнча көп күч талап кылган иш башталган.

Бир нече айдан кийин ширенин биринчи партиясы чыгарылган. Биз Борбордук Азиянын рыногуна «Organic» маркасы алдында түз сыгылган брендделген ширени биринчилерден болуп алып чыккандарданбыз.

Соода маркасынын ширелеринин биринчи дизайны

БРЕНДДИН ЭВОЛЮЦИЯСЫ

2014-жылы таңгактын дизайны өзгөртүлгөн, ширелердин жаңы даамдары иштелип чыккан: алма-өрүк, алма-кара өрүк жана мультижемиш. Биз сатууга мобилдүү, экологиялык таңгакты – 750 мл көлөмдүү айнек бөтөлкөнү чыгардык:

Таңгактын дизайнын өзгөртүү жана ширелердин жаңы форматы

"ЭКОПРОДУКТ АЗИЯ" КОМПАНИЯСЫ БҮГҮНКҮ КҮНДӨ

Биздин компаниянын негизги ишмердиги болуп жаңы бышкан жемиштерди, жашылчаларды жана мөмөлөрдү кайра иштетүү жана түз сыгылган ширелерди өндүрүү эсептелет.

2019-жылдан тартып компания өз ишмердигин кеңейтүүдө, биз калыбына келтирилген ширелердин, нектарлардын жана суусундуктардын жаңы заводун эксплуатацияга киргизүүдөбүз. Заводдун кубаттуулугу жылына 40 000 тонна. Биздин завод Шопоков шаарында, Кыргыз Республикасынын борбор шаары Бишкектен 24 км жайгашкан.

Биздин завод 2 300 чарчы метр аянты менен түз сыгылган ширелерди, калыбына келтирилген ширелерди, нектарларды жана суусундуктарды ар кандай форматтарда жана таңгактын тибинде өндүрүү боюнча заманбап, технологиялык линиялар менен жабдылган. 60 га аянты менен менчик бакчаларды бириктирген интеграцияланган бизнес модель жана өндүрүш.

Бизде НАССР азыктардын коопсуздугунун менеджентинин тутуму киргизилген жана азыркы учурда ISO 22000:2018 боюнча тастыкташтырууга даярдыктар жүрүп жатат.

Ширелерди өндүрүү ар бир этапта санитардык-гигиеналык ченемдерди так сактоо менен заманбап европалык жабдууда жүзөгө ашырылат, бул эл аралык стандарттарга ылайык өнүмдүн жогорку сапатын кепилдейт.

Биз кардарларыбызга жаңы ар кандай даамдарды жана өзгөрүлбөс сапатты сунуштоо менен өсүүдөбүз жана динамикалуу өнүгүүдөбүз. Бул жылы биздин ассортимент дагы бир «ТОЙ даамы» бренди менен толукталды!

«Той Даамы»бул жеткиликтүү баадагы накта жана даамдуу шире камтыган,  майрамдык столдун тамак-аштары менен эң сонун айкалышкан суусундук!

Биздин  керектөөчүлөргө ыракат тартуулаган жана пайда алып келген, ар түрдүү сапаттуу ширелер жана суусундуктар менен биздин ассортиментти андан ары өнүктүрүү пландарыбызда бар, анткени бул «Экопродукт Азия» миссиясынын бир бөлүгү.

Биздин компаниянын максаттары төмөнкүлөр болуп эсептелет:

1. ЕАШ рыногуна кеңири ассортименттеги накта өнүмдөрдү жеткирүү.

2. Биздин бренддердин негизги рыноктордо кеңири таралышын жана белгилүү болушун камсыздоо.

3. Кыргыз Республикасында түз сыгылган ширелердин өндүрүүчүлөрүнүн №1 статусун сактоо.

БИЗДИН СЫЙЛЫКТАР

Биз «Organic» түз сыгылган накта ширебизди Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын КыргызЭкспоБорбор департаменти тарабынан уюштурулган «АгроПродЭкспо-2013» айыл чарба азыктарынын тамак-аш өнүмдөрүнүн 9-эл аралык көргөзмөсүндө биринчи жолу көрсөттүк. Бул көргөзмөдө бизди Алтын Медаль менен сыйлашты, ошондой эле биз “Жылдын дебюту” сыйлыгына ээ болдук.